Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 2025-жылдын 26-сентябрындагы №175 буйругуна ылайык, өлкө аймагында көмүр бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Аталган буйрукту ишке ашыруу максатында, Кызмат тарабынан 2025-жылдын 29-сентябрында №81 буйрук чыгарылды. Бул буйрукка ылайык, Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнө 2025-жылдын 10-октябрына чейин өлкөнүн облустарынын, ошондой эле Бишкек жана Ош […]