07.04.2023

Катарактаны факоэмульсификациялоо операциясынын жүргүзүү боюнча медициналык кызматтын тарифинин прейскуранты макулдашылды

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 29 – декабрындагы № 39-буйругу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталы тарабынан   аткарылуучу катарактаны факоэмульсификациялоо операциясынын жүргүзүү боюнча медициналык кызматтын тарифинин прейскуранты макулдашылды. Опреациянын баасы 19000 сом түзөт.
07.04.2023

Акы төлөнүүчү кызматтарды жөнгө салуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмесин)” мамлекеттик кызматтын 417 түрү киргизилген, анын ичинен: 262 – акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр; 155 – акысыз мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр. Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн көпчүлүк түрлөрү (архивдик, медициналык кызмат көрсөтүүлөр, стандартташтыруу кызматтары ж.б.) акы төлөнүүчү […]
07.04.2023

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун аймактык бөлүмдөрү тарабынан аткарылган иштердин жана кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 16–декабрындагы № 34-буйругу менен Кыргыз   Республикасынын  Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун аймактык бөлүмдөрү тарабынан аткарылган иштердин жана кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды Макулдашылган көрсөткүч:1150.
Skip to content