08.04.2023

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борбору тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2022-жылдын 24-мартындагы №9-буйругу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулардын республикалык борбору тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды. Макулдашылган көрсөткүч 19.
07.04.2023

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2022-жылдын 29-мартындагы №10-буйругу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды. 7 көрсөткүчтүн тарифтери 2473 сомго чейин төмөндөтүлдү. Макулдашылган көрсөткүч 11.
07.04.2023

Баткен облусунун калкына акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскурантары макулдашылды (мамлекеттик кызматтарды акысыз же жеңилдетип көрсөтүүнү эске алуу менен)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы №86 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Баткен облусунун статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын буйругу менен Баткен облусунун калкына төмөнкү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскурантары макулдашылды (мамлекеттик кызматтарды акысыз же жеңилдетип […]
Skip to content