ЕЭК менен өз ара аракеттешүү жана Эл аралык кызматташтык

08.06.2021

БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жүргүзүлгөн он-лайн режиминде аймактык диалог болуп өттү

2021-жылдын 3-июнунда Евразиялык экономикалык комиссиянын көмөктөшүүсү жана техникалык колдоосу менен БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жүргүзүлгөн он-лайн режиминде аймактык диалог болуп өттү. Регионалдык диалогдун негизги темасы “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатына COVID-19 пандемиянын таасири” болду. Иш чарага ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү катышышты. Аймактык диалогдун жүрүшүндө электрондук саламаттык сактоо тармагында […]
28.05.2021

2021-жылдын 26-майында Россия Федерациясынын Федералдык монополияга каршы кызматынын Воронеж башкармалыгы жана Воронеж Мамлекеттик Университети тарабынан уюшулган атаандаштык саясат боюнча XI эл аралык илимий-практикалык видеоконференция болуп өттү

Жогоруда аталган видеоконференцияга Россия Федерациясынын, Беларус Республикасынын, Азербайжан Республикасынын жана Воронеж Мамлекеттик Университетинин монополияга каршы мекемелеринин өкүлдөрү катышышты. Конференциянын жүрүшүндө монополияга каршы мыйзамдарды колдонуу маселелери, анын ичинде ак ниет эмес атаандаштыкты жоюу бөлүгүндө, ошондой эле жарнама жөнүндө мыйзамдын көйгөйлүү маселелери талкууланды. Мындан тышкары, ак ниет эмес атаандаштык боюнча юридикалык жана жеке жактарды сот жообуна тартуунун укуктук колдонуучулук практикасы жаатында кемчиликтер […]
25.05.2021

“Атаандаштык жөнүндө мыйзамдын чегинде байгерчилик менен кирешенин теңсиздиги тынчсыздандырышы керекпи?” темасы боюнча Амстердам университетинин онлайн конференциясы болуп өттү

2021-жылдын 20–21-майында “Атаандаштык жөнүндө мыйзамдын чегинде байгерчилик менен кирешенин теңсиздиги тынчсыздандырышы керекпи?” темасы боюнча Амстердам университетинин онлайн конференциясы болуп өттү. Конференциянын алкагында экономикалык теңсиздик менен атаандаштык жөнүндө мыйзамдын ортосундагы байланыштар тууралуу маселелер талкууланды. Аталган онлайн конференцияда Великобританиянын, Гарварддын, Нью-Йорктун, Гонконгдун, Кентукинин, Венанын жана башка университеттердин эксперттери, ошондой эле Грециянын, Нидерланддын, Эквадордун, Испаниянын, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мекемелеринин өкүлдөрү жана ЮНКТАДдын […]
Skip to content