ЕЭК менен өз ара аракеттешүү жана Эл аралык кызматташтык

19.08.2022

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы К.Д. Тайлаков Казакстан Республикасынын монополияга каршы ведомствонун башчысы кызматына М.Т.Омаровдун дайындалышы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Тайлаков Кеңешбай Доскулович Омаров Марат Талгатовичти Казакстан Республикасынын Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча агенттигинин төрагасы болуп дайындалышы менен куттуктады. Тайлаков Кеңешбай Доскулович ийгиликтерди каалап, эки өлкөнүн монополияга каршы ведомстволору ортосундагы жемиштүү кызматташтыгына ишенимин билдирди.
30.06.2022

Аймактык борбор тарабынан Атаандаштык боюнча Венгриянын Будапешт шаарында уюштурулган 2019-жылдын 22-24-октябрь аралыгында болуп өткөн семинар

Аймактык борбор тарабынан Атаандаштык боюнча Венгриянын Будапешт шаарында уюштурулган 2019-жылдын 22-24-октябрь аралыгында болуп өткөн семинарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин эки кызматкери катышып келди. Будапешт шаарында “Атаандаштык менен байланышкан иштерди териштирүүдөгү түзөтүүчү чаралар жана милдеттенмелер” темасы боюнча семинар болуп өттү. Семинардын жүрүшүндө Венгриянын, Улуу Британиянын, Франциянын, Германиянын жана Грециянын эксперттери атаандаштык жаатында өздөрүнүн көндүмдөрү менен […]
18.11.2021

«Ачыктык, атаандаштык, өнүгүү» темасындагы Атаандаштык боюнча VII онлайн конференциясы

2021-жылдын 16-17-ноябрында Мамлекеттик агенттиктин кызматкери БРИКСтин демөөрчүлүгү астында Кытай Эл Республикасынын рыноктук көзөмөлү башка өлкөлөрдүн монополияга каршы органдары менен бирдикте уюштурулган «Ачыктык, атаандаштык, өнүгүү» темасындагы Атаандаштык боюнча VII онлайн конференциясына (мындан ары – Конференция) катышты. Конференция БРИКС өлкөлөрүнүн атаандаштык саясаты чөйрөсүндөгү уникалдуу эл аралык окуя болуп калды, бул ассоциацияга кирген өлкөлөрдөгү атаандаштык саясатынын жана мыйзамдарынын абалын дүйнөлүк мыктылардын негизинде жогорку […]
Skip to content