22.02.2024
2024-жылдын 22-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун аймагында көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө Кара-Суу районунун аймагында көмүрдүн 1 тоннасынын баасы: майдасы 3500-4000 сом, ал эми эленгени 6000-7300 сомго чейин сатылып жаткандыгы белгилүү болду. Андан сырткары, сатуучуларга бааны негизсиз көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. […]




