
Баткен шаарында азык-түлүктөргө мониторинг жүргүзүлдү.
07.02.2024Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Монополияга каршы мамлекеттик орган өзүнүн компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндөгү мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик контролду жарнама материалдарынын мониторинги аркылуу жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн (мындан ары – Бөлүм) кызматкерлери 2024-жылдын 7-февралында Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында тышкы жарнамага мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө мамлекеттик тилде болбогон тышкы жарнамалар таратылып жаткандыгы аныкталды.
Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарнама мамлекеттик жана расмий тилдерде жана жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча Кыргыз Республикасында жашаган элдердин эне тилдеринде кошумча таратылат. Жарнаманын мамлекеттик тилдеги тексти мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарга ылайык таризделиши керек.
Мониторингдин жыйынтыгы менен, Бөлүм тарабынан Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктун бузууну токтотуу жөнүндө 4 эскертме (предписание) берилди.





