30.07.2025

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мындан ары да өлкөнүн ички каттамдарына билеттердин бааларына мониторинг жүргүзүп турат

Кыргыз Республикасынын аймактарындагы ички каттамдарга авиабилеттердин жогорулап кеткендиги боюнча жарандардын кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Кыргызстан Аэропорттору” ААКы, “АвиаТраффик Компани”, “Тез Джет”, “Аэро Номад Эйрлайнс”, “Асман Эйрлайнс” жана “Sky Fru” авиакомпаниялардын өкүлдөрү катышкан жумушчу жолугушуу уюштурду. Жумушчу жолугушууда эң көп кайрылуулар келип түшкөн Бишкек-Ош ички каттамынын баасы болгондуктан, ушу каттамга өзгөчө […]
30.07.2025

Ош шаарынын аймагында тоок этин сатуучу жайларга “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” мыйзамынын алкагында мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү тарабынан, Кызматтын борбордук аппаратынын 2025-жылдын 2-июнундагы №14-12268 сандуу тапшырмасына ылайык Ош шаардык ветеринария башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Ош шаарынын аймагында тоок этин сатуучу жайларга “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” мыйзамынын алкагында мониторинг жүргүздү.Мониторинг учурунда тоок эттерине тийиштүү сертификаттарга мониторинг жүргүзүлдү жана түшүндүрүү иштери болду.
30.07.2025

“Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Караколдогу үйрөтүү өндүрүштүк ишканасы” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскуранты макулдашылды

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу КызматынынЫсык-Көл облустук бөлүмүнүн 22.07.2025 ж № 19 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-мартындагы №150 токтомунун 5-пунктусуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы “Мамлекеттик жөнгө салуучу чарбакер субьектердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды(тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө Жобого ылайык “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Караколдогу үйрөтүү-өндүрүштүк ишканасы” тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын […]
Skip to content