Ош шаарынын аймагында тоок этин сатуучу жайларга “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо” мыйзамынын алкагында мониторинг жүргүзүлдү
30.07.2025Түп токой чарбасы тарабынан акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскуранты макулдашылды
31.07.2025Кыргыз Республикасынын аймактарындагы ички каттамдарга авиабилеттердин жогорулап кеткендиги боюнча жарандардын кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Кыргызстан Аэропорттору” ААКы, “АвиаТраффик Компани”, “Тез Джет”, “Аэро Номад Эйрлайнс”, “Асман Эйрлайнс” жана “Sky Fru” авиакомпаниялардын өкүлдөрү катышкан жумушчу жолугушуу уюштурду.
Жумушчу жолугушууда эң көп кайрылуулар келип түшкөн Бишкек-Ош ички каттамынын баасы болгондуктан, ушу каттамга өзгөчө көңүл бурулду.
Авиакомпаниялардын берген маалыматтарына таянсак жогоруда аталган каттамга болгон баа 3800 сомдон 5900 сомго чейин сатылууда. Бул автоматтык динамикалык баа системасын колдонуу менен шартталган, мында баа төмөнкүлөргө жараша түзүлөт:
– калган орундардын саны;
– каттамга болгон талаптан;
– учуп кетүүгө чейин калган убакыт.
Бааларга бөлүштүрүүнүн мисалы:
– биринчи 33% орун – 3800 сомдон;
– кийинки 30% орун – 4800-5000 сомдон;
– калган орундар – 5900 сомго чейин, суроо-талаптын жогору болушу жана учуп кетүү күнүнүн жакындыгына жараша.
Мындан сырткары, “Тез Джет” авиакомпаниясынын кошумча кызматтар менен жакшыртылган орундар каралган жана баасы 6900 сомду түзөт. Мындай орундуктар каттамдагы жалпы орундардын 3-4 пайызын түзөт жана алар негизги баага таасирин тийгизбейт.
Алып-сатарлыкты болтурбоо үчүн авиакомпаниялар билеттерди дүңүнөн сатып алууга же узак мөөнөткө ээлеп коюуга (бронь) уруксат бербейт. Эгерде ээлеп коюлган билет үчүн акчасы 15 мүнөттүн ичинде төлөнбөсө, система аны автоматтык түрдө башка жүргүнчүлөр үчүн сатыка чыгарат.
Авиабилеттерди сатуу авиакомпаниялардын түз сайттарынан сырткары, агенттер аркылуу да сатылат. Кээ бир агенттиктер Кыргызстанда катталган эмес, бирок биздин домендерди пайдаланышат. Мисалы, tickets.kg сайты расмий түрдө Кыргыз Республикасында мыйзамдуу түрдө катталган эмес. Мындай сайттар көбүнчө жогорулатылган үстөктөрдү коюшат, анын эсебинен билеттерди 6000-7000 сомдон жана андан да жогору баада сатышат.
Өлкө ичинде каттамдарды жүргүзгөн авиакомпанияларды, авиабилеттерди саткан агенттер менен тыгыз иш алып баруу жана алар тарабынан субагенттиктерди көзөмөлгө алып, авиабилеттин баасына негизсиз кошумча төлөмдөрдү кошуп сатууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экени белгиленди.
Ошондой эле, кайрылууларда “Хан эйр” авиакомпаниясы (Германия) аркылуу сатылган билеттин баалары тууралуу айтылган. “Хан эйр” авиакомпаниясы биздин өлкөнүн ички каттамдарында жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенбейт. Чет өлкөлөрдө жашаган ошол өлкөлөрдүн жарандары Кыргыз Республикасынын ички каттамдарындагы билеттердин бааларын билип туруу үчүн “Тез Джет” авиакомпаниясы менен “Хан эйр” авиакомпаниясынын ортосунда эки тараптуу макулдашуу түзүлгөн жана авиабилеттерди “Тез Джет” авиакомпаниясынын сайтынан алып, чет элдик жарандарга өздөрү баа коюп сатышарын “Тез Джет” авиакомпаниясынын өкүлү билдирди.
Билеттерди авиакомпаниялардын расмий сайттары же алардын мобилдик тиркемелери (App Store, Google Play жүктөлөт) аркылуу гана сатып алууну сунуштайбыз, мында билеттин анык баасы кошумча төлөмдөр кошулбай сатылат.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мындан ары да өлкөнүн ички каттамдарына билеттердин бааларына мониторинг жүргүзүп турат.
Эгерде алып-сатарлык фактылары аныкталган учурлар болсо, жарандарды Монополияга каршы органга, Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине же ишеним телефондоруна билдирүүнү суранабыз.

