19.01.2024

Монополияга каршы жөңгө салуу кызматына маалыматты өз убагында жана толук бербегендиги үчүн SMS TAXIге айып пул салынды.

Такси кызматынын рыногуна талдоо жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын 14, 15-беренелердин негизинде, Кызмат “Инноа” ЖЧКсынан (SMS TAXI) 2020-2022-жылдарга карата керектүү маалыматтарды сураган. “Инноа” ЖЧКсы суралган маалыматты өз убагында жана толук көлөмдө берген эмес. Ыйгарым укуктуу органга маалымат берүү тартибин бузгандыгы үчүн “Инноа” ЖЧКсына (SMS TAXI) 13 000 сом айып пул салынды.
18.01.2024

Ысык-Көл облустун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ысык-Көл облустук бөлүмү, Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 133 токтомун аткаруу максатында, 2024-жылдын 18-январында көмүр саткан жерлерде мониторинг жүргүздү. Моноторингдин жүрүшүндө Жети-Өгүз району боюнча белгиленген көмүр баалары туруктуу. Белгилей кетсек, жергиликтүү “Кара-Кече” көмүрү тоннасы 5700 сомдон сатылууда. Көмүрдүн камдыгы жетишээрлик […]
18.01.2024

Ош облусунун Ноокат районунда көмүр бааларына мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы “Социалдык  маанилүү  товарларга  бааларды мамлекеттик  жөнгө салуу жөнүндө” №455 токтомунун жана Кыргыз  Республикасынын  Экономика  жана коммерция министрлигинин 2023-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз  Республикасынын  аймагында  көмүргө  болгон  бааларды убактылуу мамлекеттик  жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” №133 буйругунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн 2023-жылдын 25-октябрындагы №4/28 буйругу менен […]
Skip to content