Талас шаарында жарнама мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү
26.01.2026Көмүр сатуу түйүндөрүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
26.01.20262026-жылдын 21-январында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен
облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан этке (уй жана кой эти, сулп этинен
башкасы) болгон чекене бааларына Баткен шаарында эт сатылуучу жайлардагы эт сатуучу
жеке ишкерлерге, бааларды турукташтыруу максатында, рейд иштери жүргүзүлдү, жөнгө
салынган уй этин 1 кг. 670 сом, ал эми кой эти 1 кг. 680 сомдон сатуу боюнча көзөмөлдөө
жүргүзүлдү.
Рейдин жыйынтыгы менен монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен
облустук бөлүмү тарабынан коюлган баа уй этине 1 кг 670 сом болсо, М.Н, атуу жеке
ишкер 1 кг. уй этини 700 сомдон саткан, же 30 сомго коюлган баадан ашыкча саткандыгы
үчүн Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексинин 290-беренесинин негизинде айып
пул салынды.

