Этке (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) болгон баасына көзөмөл жүргүзүү мониторинг жөнүндө
26.01.2026Балыкчы шаарында жумушчу топтун курамында эттин, көмүрдүн бааларына биргелешкен мониторинг жүргүзүлдү
29.01.2026Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу
монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери,
Кадамжай райондук жергиликтүү бийлик органдары жана ичики иштер башкармалыгынын
өкүлдөрү менен биргеликте 2026-жылдын 23-январында Кадамжай районунда көмүр сатуу
түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция
министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук
бөлүмүнүн 2025-жылдын 09-октябрындагы №51 буйругана ылайык Баткен облусунун
аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли
белгиленгендигин тааныштыруу максатында топ базада көмүр сатуучулар арасында
түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө көмүрдүн максималдуу деңгээли Кадамжай
районунда Сүлүктү көмүрүнүн “БР” маркасы тангакталганы 1 кг. 10,5 сомдон жана 1 тн.
10 000 сомдон, жергиликтүү көмүр таңгакталганы 1 кг. 8,50 сомдон жана 1 тн.8 000 сомдон
ал эми “БК” маркасы тангакталганы 1 кг. 13 сомдон белгиленгени жөнүндө маалыматтар
айтылып, ишкерлерге кышкы жылуулук берүү мезгилинде көмүрдүн жөнгө салынган
баасында туруктуу кармоо жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө керектиги
түшүндүрүлдү.

