Өзгөндө эт жана көмүрдүн белгиленген бааларын сактоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү
20.11.2025Кара-Суу аймагында эт жана көмүргө коюлган мамлекеттик баалар көзөмөлдөндү
20.11.2025Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым
укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Илияз Ташбаев, Кыргыз Республикасынын
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө
салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Ынтымак Осмонов, КараКулжа райондук мамлекеттик администрациясынын акими Замирбек Сыдыков
жана тиешелүу мамлекеттик кызматтардын Кара-Кулжа району боюнча адистери
менен биргеликте, 2025-жылдын 18-ноябрында Кара-Кулжа районунун аймагында
эт жана көмүр сатуучу жайларда эттин (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы)
жана көмүрдүн белгиленген бааларынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгында, эт жана көмүр сатуучуларга эттин жана
көмүрдүн белгиленген баасынан жогору сатпоо, Кыргыз Республикасынын
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” жана “Өлчөө бирдиктүүлүгүн
камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын сакталышы боюнча
түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

