Көмүрдүн мамлекет тарабынан белгиленген бааларына көзөмөл жүргүзүү жөнүндө
18.11.2025Кара-Кулжа районунда эт жана көмүрдүн белгиленген бааларына мониторинг жүргүзүлдү
20.11.2025Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым
укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Илияз Ташбаев, Кыргыз Республикасынын
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө
салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Ынтымак Осмонов, Өзгөн
райондук мамлекеттик администрациясынын акими Каныбек Апбасов жана
тиешелүу мамлекеттик кызматтардын Өзгөн району боюнча өкүлдөрү менен
биргеликте, 2025-жылдын 18-ноябрында Өзгөн районунун жана Өзгөн шаарынын
аймагында эт жана көмүр сатуучу жайларда эттин (уй жана кой эти, сулп этинен
башкасы) жана көмүрдүн белгиленген бааларынын сакталышына мониторинг
жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө, Өзгөн районунун аймагында көмүрдүн баалары
белгиленген баадан жогору саткандыгы жана белгиленген баасы көрүнүктүү
жерген илинбегендиги үчүн 4 айып пул салынды.
Мониторингдин жыйынтыгында, эт жана көмүр сатуучуларга эттин жана
көмүрдүн белгиленген баасынан жогору сатпоо, Кыргыз Республикасынын
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” жана “Өлчөө бирдиктүүлүгүн
камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын сакталышы боюнча
түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

