Талас шаарында Социалдык маанилүү товарлардын бааларына керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү
11.02.2025Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун борбордук базарында социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү
12.02.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук
бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Кулжа райондук мамлекеттик
администрациясынын, мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району
боюнча башкармалыгынын, Кара-Кулжа айыл окмотунун жана райондук
ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, 2025-
жылдын 10-февралында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун борбордук
базарында социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг
жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө 1 кг уй этинин баасы 650 сомдон,
кой этинин баасы 650 сомдон, 1 кг кум шекердин чекене баасы 75-80сом, 1
литр өсүмдүк майы 125- 150 сом, картошка 50-65 сом, пияз жана сабиздин
чекене баасы 30-35 сомго чейин сатылып жаткандыгы аныкталды. Андан
сырткары, сатуучуларга бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө жана Кыргыз
Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”
Мыйзамынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери
жүргүзүлдү.

