Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Кулжа айыл окмотунун жана райондук базарында социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү
12.02.2025Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Талас шаарында жайгашкан көмүр отуну сатылуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү
13.02.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук
бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу райондук мамлекеттик
администрациясынын, Кара-Суу шаарынын мэриясы, мамлекеттик салык
кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын, райондук
ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери жана Кара-Суу базарынын
өкүлдөрү менен биргеликте, 2025-жылдын 11-февралында Ош облусунун
Кара-Суу районунун борбордук базарында социалдык маанилүү товарлардын
бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө 1 кг уй этинин баасы 650-670 сомдон, кой
этинин баасы 670 сомдон, картошка 50-55 сомдон сатылып жаткандыгы
аныкталды.
Андан сырткары, сатуучуларга бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө
жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери
жүргүзүлдү.

