
Биргелешкен иш пландын негизинде Ысык-Көл районунда социалдык маанилүү товарларга мониторинг жүргүзүлдү
29.07.2024
Ош шаарынын Масалиева көчөсүндө жайгашкан дүкөнгө мониторинг жүргүздү.
30.07.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери, Баткен шаарынын мэриясынын кызматкерлери менен биргеликте 2024-жылдын 30-июлунда 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү максатында Баткен шаарында көмүр сатуу түйүндөрүнө көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзгүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө Сүлүктү көмүрүнүн БР маркасындагы 1 тонна чекене баасы 7500-9000 сомго чейин сатылып жаткандыгы аныкталды. Мониторингдин жыйынтыгында, сатуучуларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрмөлөр берилди.




