
Баткен шаарында көмүр сатуу түйүндөрүнө көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзгүлдү.
30.07.2024
“Ак-Талаа көмүр” МИнин көмүрүнө өлчөмүндө белгиленген.
31.07.2024Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары А.Касымалиевдин 2024-жылдын 4-апрелиндеги №15718 сандуу тапшырмасынын негизинде,Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын,2024-жылдын 30-майындагы №01-4/87 сандуу катына, “2024-жылдын 2-жарым жылдыгында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо үчүн, банктык төлөм карталарын, электрондук акчаларды, QR коддорду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алууга арналган жабдууларды орнотуу, төлөм терминалдары жана/же башка инструменттер уюштуруулары болуусун көзөмөлдөө”.
Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Ош башкармалыгынын кызматкерлери жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, Ош шаарынын Масалиева көчөсүндө жайгашкан 15 дүкөнгө мониторинг жүргүздү.
Мониторингдин жүрүшүндө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн жабдуулары жок дүкөндүн сатуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.





