
26-июлунда Бишкек шаарынын ири азык-түлүк дүкөндөрүндө жана “Ак Эмир” базарында социалдык эн керектелүүчү товарларга ыкчам (экспресс) сурамжылоо (мониторинг) жүргүзүлдү.
29.07.2024
Баткен шаарында көмүр сатуу түйүндөрүнө көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзгүлдү.
30.07.2024Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусу
боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү У.Э. Далиевдин 2024-жылдын 10-июлундагы
№ 01 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында 2024-жылдын 25-
июлунда Ысык-Көл мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери
менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция
министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын
Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкери Касенов М.Э. биргелешкен иш
планынын негизинде Ысык-Көл районунун соода түйүндөрүндө, сатуучулар
менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Сатуучулар арасында бааларды кармап туруу жана социалдык маанилүү
товарларга баалардын алып-сатарлык өсүшүнө жол бербөө боюнча
түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, “Атаандаштык жөнүндө” жана
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.


