
Бишкекте нан менен көмүр баасы боюнча айып пул салынды
17.11.2023
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында көмүрдүн бааларына мониторинг жүргүзүлдү
17.11.2023Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Сузак районунда 2023-жылдын 17-ноябрында социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда Сузак районунун аймагында жайгашкан 3 наабайканада 278-280 граммдык тандыр нанды 30,00 сомдон сатып, белгиленген баадан 2,00-2,20 сомго жогору сатып жаткандыктары аныкталды.
Белгиленген максималдуу баадан жогору сатып жаткан наабайканаларга КР “Укук бузуулар” Кодексинин 290-беренесинин 1-пунктуна ылайык ар бирине 3000 сомдон (9000 сом) айып пул салынды.
Нандын, көмүрдүн бааларынан сырткары, мониторинг учурунда Сузак районундагы соода түйүндөрүндө ун, өсүмдүк майы, эт жана башка социалдык маанилүү товарларды сатуучуларга бааны негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.




