Кыргыз Республикасынын Табигый монополиялардын субъекттеринин МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИ
26.02.2026Ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматынын бааларын макулдашуу жөнүндө
26.02.2026Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан 2026-
жылдын 13-февралында «Талас облусунун аймагында уй жана кой эттерине (сулп этинен
башкасы) болгон чекене баалардын максималдык деңгээлин белгилөө жөнүндө» №2 сандуу
буйругу кабыл алынып, уй этине 670 сом жана кой этине 680 сом өлчөмүндө максималдуу
чекене баа белгиленип, иш жүргүзүлүүдө.
Талас облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан 2026-жылдын 24-февралында
жогорудагы буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө максатында Талас шаарынын борбордук
базарынын тегерегиндеги жана «Алтын Казык», «Глобус» супер маркеттериндеги эт
сатуучу жайларда мониторинг жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө Талас облусунда уй этинин баасы 670 сомдон, ал эми кой этинин
баасы 680 сомдон сатылып, белгиленген баа деңгээли туруктуу кармалып турууда. Бирок
мониторингдин жүрүшүндө дыйкан-фермерлер нааразычылыктарын, сунуш-пикирлерин
билдиришип, мындай баа алардын чыгымдарын толук актабай жаткандыгын жана
рентабелдүүлүк төмөн болуп жаткандыгы тууралуу айтышууда.
Мониторинг Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук
бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан туруктуу негизде, күн сайын жүргүзүлүүдө.

