“Сүлүктү Тазасууканал” муниципалдык ишканасынын тарифтерин кароонун жыйынтыгы тууралуу
30.01.2026Талас шаарында жарнама мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү
30.01.20262026-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Экономика жана
коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын
Талас облустук бөлүмү (мындан ары – Бөлүм) тарабынан Талас шаарында жайгашкан
кафе, ресторандар жана башка коомдук тамактануучу жайларда мыйзам талаптарынын
аткарылышын текшерүү максатында пландуу мониторинг иш-чарасы жүргүзүлдү.
Аталган мониторинг Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №663 токтомунун талаптарын
аткаруу деңгээлин аныктоо, коомдук тамактануучу жайларда керектөөчүлөрдөн
мыйзамсыз кошумча жыйымдарды алуунун алдын алуу, ошондой эле керектөөчүлөрдүн
укуктарын коргоо максатында уюштурулду.
Мониторингдин жүрүшүндө коомдук тамактануучу жайлардын менюлары,
көрсөтүлгөн баалар, кардарларга берилген эсеп-фактуралар, тейлөө шарттары жана тейлөө
акыларынын алынуусу боюнча маселелер каралды. Ошону менен бирге, коомдук
тамактануучу жайлардын жетекчилери жана кызматкерлери менен жолугушуулар
өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №663 токтомуна
ылайык, коомдук тамактануучу жайларда өзүнчө тейлөө акысын (сервисный сбор) алууга
тыюу салынгандыгы тууралуу кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган токтомго ылайык, коомдук тамактануучу жайлар кардарлардан менюда
көрсөтүлгөн баалардан тышкары эч кандай кошумча төлөмдөрдү, анын ичинде тейлөө
акысын, стол үчүн акы же башка аталыштагы жыйымдарды алууга укугу жок экендиги
белгиленди. Кардарга берилген жалпы эсеп менюда көрсөтүлгөн бааларга толук дал
келиши зарыл экени, ошондой эле кызматкерлер тарабынан көрсөтүлгөн бардык
кызматтар — тамак-ашты даярдоо, дасторкон жаюу, кардарларды тосуп алуу, тейлөө,
идиш-аякты алмаштыруу жана башка кызматтар — буйрутманын баасына кирери баса
белгиленди.
Мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө айрым коомдук тамактануучу жайлардын
өкүлдөрүнө мыйзам талаптарын так сактоо боюнча оозеки эскертмелер берилди. Ошондой
эле, мыйзам талаптарын бузган учурларда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы
мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралары тууралуу түшүндүрмөлөр жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, мониторингдин алкагында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кардарлардын
укуктары, коомдук тамактануучу жайлардын милдеттери жана мыйзам талаптары
тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Бул иш-чаралар коомдук тамактануучу
жайлардын ишмердүүлүгүндө ачыктыкты камсыз кылууга жана керектөөчүлөр менен
ишкер субъекттердин ортосундагы ишенимди жогорулатууга багытталган.
Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында мыйзам бузуулардын алдын алуу,
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу
максатында түшүндүрүү жана көзөмөл иштери мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрү
белгиленди. Бөлүм тарабынан коомдук тамактануучу жайлардын ишмердүүлүгүнө карата
12 субъектке мониторинг жүргүзүлдү.

