Ош облусунда эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү
27.10.2025Экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине керектөөчүлөрдүн топтору боюнча сатылуучу көмүрдүн дүңсатуу бааларын белгилөө жөнүндө
27.10.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн
кызматкерлери Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жана
мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын
адистери менен биргеликте, 2025-жылдын 23-октябрында Кара-Суу районунун
аймагында эт сатуучу жайларда эттин (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы)
белгиленген бааларынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө, Кара-Суу районунун аймагында эттин баалары
белгиленген максималдуу чекене баадан жогору саткан учур аныкталып,
жыйынтыгында 1 айып пул салынды.
Мониторингдин жыйынтыгында, эт сатуучуларга эттин белгиленген баадан
жогору сатпоо жана керектөөчүлөр үчүн сатылып жаткан эттин белгиленген
бааларын көрүнүктүү жерлерге илинип туруусу боюнча түшүндүрүү иштери
жүргүзүлдү.

