Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Жети-Өгүз районундагы тейлөө аймактарында POS – терминалдарды орнотуу боюнча, биргелешкен мониторинг жүргүзүлдү
20.10.2025Этке (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) болгон бааларына сатуу түйүндөрүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
22.10.2025Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу
монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери
тарабынан 2025-жылдын 17-октябрында Кызыл-Кыя шаарында көмүр сатуу түйүндөрүнө
мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция
министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук
бөлүмүнүн 2025-жылдын 09-октябрындагы №51 буйругана ылайык Баткен облусунун
аймагында калкка сатылуучу көмүрдүн чекене бааларынын максималдуу денгээли
белгиленгендигин тааныштыруу максатында топ базада көмүр сатуучулар арасында
түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө көмүрдүн максималдуу деңгээли Кызыл-Кыя
шаарында Сүлүктү көмүрүнүн “БР” маркасы тангакталганы 1 кг. 10,5 сомдон жана 1 тн.
10 000 сомдон, жергиликтүү көмүр таңгакталганы 1 кг. 8,50 сомдон жана 1 тн.8 000 сомдон
ал эми “БК” маркасы тангакталганы 1 кг. 13 сомдон белгиленгени жөнүндө маалыматтар
айтылып, ишкерлерге кышкы жылуулук берүү мезгилинде көмүрдүн жөнгө салынган
баасында туруктуу кармоо жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө керектиги
түшүндүрүлдү.

