Лйелек районунун Кулунду айыл аймагынын эт сатуучу жайларга рейд жүргүзүү боюнча
07.10.2025Ош шаарында эттин бааларынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү
10.10.2025КРнын ЭжКМне караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу
кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарынын
муниципиалдык аймак башкармалыктары менен биргеликте Ош шаарынын
Алымбек-датка МАБы боюнча, 2025-жылдын 07-октябрында эт сатуучу
жайларда эттин (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) белгиленген
бааларынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда, эт сатуучуларга эттин белгиленген баадан
жогору сатпоо жана керектөөчүлөр үчүн сатылып жаткан эттин белгиленген
бааларын көрүнүктүү жерлерге илинип туруусу боюнча түшүндүрүү иштери
жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгында, эттин сатылып жаткан баасын
көрүнүктүү жерге илбегендиги үчүн эки сатуучуга КРнын “Укук бузуулар
жөнүндө” кодексинин 390-беренесинин 4-пунктуна ылайык 3000 сомдон айып
пулдар салынды.

