Жалал-Абад шаарында эттин баалары боюнча атайын рейд жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымат
24.09.2025Түзүмдүк бөлүмдөрүн жана мекемелерин текшерүүнүн 2025-жылдын 4 кварталынын Планы
25.09.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук
бөлүмүнүн кызматкерлери 2025-жылдын 25-сентябрда Баткен районунун Кара-Бак
айылында, жергиликтүү бийлик органдары, салык, ветеринардык кызматтардын өкүлдөрү
менен биргеликте социалдык жактан маанилүү товарлардын баасына мониторинг
жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен баалар төмөнкүчө:
Картошка 1кг. 35- 40 сом;
Сабиз 1 кг. 25,00- 55,00 сом;
Пияз 1кг. 25 сом;
Күрүч (тазаланган) 1кг. 100,00-125,00 сом;
Кум шекер 1кг. 80,0-85,00 сом;
Тазаланган өсүмдүк күн карама майы 1л. 160,00 сом;
Жумуртка 10 даанасы 100 сомдон сатылып жатканы белгилүү болду.
Мониторинг учурунда базарда жана соода түйүндөрүндөгү жеке
ишкерлерге социалдык жактан маанилүү товарлардын бааларын негизсиз жогорулатпоо,
керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө
мыйзамдардын талаптарын так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

