Ош шаарынын эт сатуучу жайларда эттин белгиленген бааларынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү
16.09.2025Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматтык журналы чыкты
16.09.2025Бишкек шаарынын аймагында эттин баасынын жогорулашына жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Октябрь райондук мамлекеттик администрациясынын, муниципалдык инспекциясынын, ошондой эле МТУ жана Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте Орто-Сай базарынын эт павильонунда көчмө мониторинг жүргүзүштү.
Текшерүү учурунда уй этин жана кой этин (сөөксүз эттен башка) сатуунун абалы камтылды.
Мониторингдин жыйынтыгында сатуучулар жана ишкерлер менен мамлекеттик баа коюу нормаларын жана Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо багытындагы мыйзамдардын талаптарын сактоо зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле Орто-Сай базарында эттин жөнгө салынуучу бааларын ашыргандыгы үчүн административдик айып пул салынды. Жеке ишкерлерге болсо Кыргыз Республикасынын «Жоруктар жөнүндө» кодексинин 290-беренесине ылайык ар бири 13 000 (он үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

