Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын базарларында этке болгон баага мониторинг жүргүзүлдү
11.09.2025Ош базарынын эт павильонунда көчмө мониторинг жүргүзүлдү
12.09.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери 2025-жылдын 11-сентябрында Сүлүктү шаарынын мэриясынын имаратында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Ташбалтаев төрагалыгынын астында, Баткен облусунун район, шаарларынын жетекчилери, жана Сүлүктү шаарындагы көмүр өндүрүүчү ишкана субъектилердин жетекчилеринин катышуусунда 2025-2026-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыктарды көрүү жана көмүрдүн жайында чыккан баасын аныктоо максатында эсептик талдоолорду жүргүзүп, көмүрдүн шактылардан өндүрүлүп, чыккан баасына тастыктама сунуштар берилди жана көмүрдүн өндүрүлүп чыккан баасы боюнча жыйын өтүлдү:
Жыйындын жүрүшүндө көмүрдүн өздүк наркы жана баалары боюнча талкуу болду. Толкуунун жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилинде, калкка . БР маркасындагы көмүрдүн өздүк наркы жайында 1-тоннасы -6000 сом болгондугу боюнча, Баткен облусунун район, шаарларынын жетекчилери, жана Сүлүктү шаарындагы көмүр өндүрүүчү ишкана субъектилердин жетекчилерине айтылып баары макул болушту, ал эми район шаарларына жана айыл аймактарына чейинки аралыктарына жараша жеткирип берүү унаа чыгымдары кошулат.

