Ош шаарынын А.Масалиев жана У.Салиева көчөлөрүндө жайгашкан эт сатуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү
10.09.2025Талас шаарында эт (уй жана кой) сатуулуучу жайларда мониторинг жүргүзүлдү
10.09.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын жана мамлекеттик салык кызматынын Ноокат району боюнча башкармалыгынын адистери менен биргеликте, 2025-жылдын 9-сентябрында Ноокат районунун Ноокат шаарынын борбордук базарындагы эт сатуучу жайларда эттин (уй жана кой эти, сулп этинен башкасы) белгиленген бааларынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда, эт сатуучуларга эттин белгиленген баадан жогору сатпоо жана керектөөчүлөр үчүн сатылып жаткан эттин белгиленген бааларын көрүнүктүү жерлерге илинип туруусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мониторингдин жыйынтыгында, эттин сатылып жаткан баасын көрүнүктүү жерге илбегендиги үчүн 1 эт сатуучуга Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 390-беренесинин 4-пунктуна ылайык 3000 сом айып пул салынды.

