Талас шаарында эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү
02.09.2025Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча Талас районунда жайгашкан дүкөндөргө мониторинг жүргүзүлдү
03.09.2025Экономика жана коммерция Министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери Сокулук районунун супермаркеттеринде, соода жайларында жана базарларында эттин бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Бул иш-чаранын алкагында, Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан сатуучулардын арасында этке (уй эти жана кой эти, сулп этинен башкасы) орнотулган максималдуу баалар жөнүндө маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү жана орнотулган максималдуу баалардын ашырылышына жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эгерде орнотулган баалардын ашырылганы аныкталса, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.

