Ош шаарынын аймагында сатылып жаткан дары-каражаттарынын бааларына биргелешкен мониторинг жүргүзүлдү
29.08.2025Москва/Шопоков көч. жайгашкан “М.Р.” эт павильонунун сатуучусуна мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу эттин баасын жогорулаткандыгы үчүн административдик айып пул салынган
29.08.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары-Бөлүм) Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери, 2025-жылдын 29-август күнү Ош шаарындагы эт сатуучу жайларга, мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыгы менен мал эти Ош шаарында жайгашкан соода түйүндөрүндө, борбордук базарда 680 сомдон, кой эти 680 сомдон, сатылып жаткандыгы аныкталды.
Мониторинг учурунда, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан уй, кой эттерин сатуучуларга бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

