Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын базарларында этке болгон баага мониторинг жүргүзүлдү
28.08.2025Бишкек шаарынын аймагында (Орто-Сай базары, Москва жана Шопоков көчөлөрүндө) эт павильондору жана эт сатуу түйүндөрү боюнча мониторинг жүргүзүлдү
28.08.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери 2025-жылдын 28-август күнү Талас шаарында эт (уй жана кой) сатуулуучу жайларда мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө этке максималдуу деңгээлин белгилөө жөнүндөгү буйрук боюнча маалымат берилип, бааны көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө Талас шаарында эттин баасы төмөндөгүдөй:
1. Уй эти 1 кг баасы 600-630 сом
3. Кой эти 1 кг 650 сомдон.
Ал эми касап каналарда уй этинин баасы ички эттери менен кошо 480-500 сомго чейин сатылууда.
Мындан сырткары Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде –“товарлардын баалары тууралуу маалыматтарды милдеттүү түрдө көрсөтүү” боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан социалдык маанилүү товарлардын бааларына үзгүлтүксүз байкоолор жасалып, ал менен бирге ишкерлерге бааларды негизсиз өсүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чаралар жүргүзүлүп келет. Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 14-августунда №3 сандуу “Талас облусунун аймагында уй жана кой этине (сулп этинен тышкары) болгон бааларынын максималдуу бааларын белгилөө жөнүндө” – буйругу кабыл алынган. Аталган буйрукта Талас облусунун аймагында калкка сатылуучу уй жана кой эттинин чекене баалары көргөзүлгөн.

