Баткен шаарындагы эт сатуучу жайларга рейд жүргүзүлдү
28.08.2025Талас шаарында “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын алкагында мониторинг жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди
28.08.2025Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы “Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” №292 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Б.Т.Сыдыковдун протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин Түштүк филиалынын тиешелүү адистери менен биргеликте, Ош облусунун Өзгөн, Ноокат райондорунда сатылып жаткан дары-каражаттарынын бааларына биргелешкен мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторинг учурунда, дарыканалардын сатуучуларына дары каражаттарынын бааларын негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

