Ош шаарындагы эт сатуучу жайларга, мониторинг жүргүзүлдү
25.08.2025“Б.”дүкөнүнө мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу эттин баасын жогорулаткандыгы үчүн 13 000 сом административдик айып салынды
26.08.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Чүй областынын Кара-Балта шаарынын супермаркеттеринде, соода жайларында жана базарларында эттин бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
Бул иш чаранын жүрүшүндө Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан сатуучулар арасында этке (уй эти жана кой эти, сулп этинен башкасы) орнотулган максималдуу баалар жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана орнотулган максималдуу баадан жогору сатууга жол бербөө, керектөөчүлөр үчүн сатылып жаткан эттин белгиленген баалары көрүнүктүү жерде туруусу боюнча эскертүү берилди. Ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча сатуучулар арасында маалымат берилди.
Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан эттин баасын көзөмөлдөө жана жогорулатууга жол бербөө багытында жумуштар улантылат.

