Талас шаарындагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана күнүмдүк керектелүүчү социалдык маанидеги товарлардын бааларына мониторинг жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
24.07.2025Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча Талас шаарында жайгашкан жеке автоаксесуарлар дүкөнүнө мониторинг жүргүзүлдү
24.07.2025Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы №282 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомунун 3-пунктун аткаруу максатында, 2025-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Кыргыз Республикасынын
Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К.Г.Айтибаевдин жетекчилиги астында, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын биринчи орун басарларынын жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда, көмүр казуучу чарбакер субъекттердин жетекчилери менен биргеликте, Ош
облусунун аймагындагы казылган көмүрдүн бөлүгүн акысыз негизде кыргыз тарапка берүүчү биргелешкен чет өлкөлүк көмүр казуучу компаниялардын жана лицензиясы бар көмүр казуучу компаниялар үчүн керектөөчүлөрдүн топтору боюнча сатылуучу көмүрдүн дүң баасын белгилөө боюнча кеңейтилген жыйын уюштурулду.
Жыйынды, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К.Г.Айтибаев ачып берип, Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө аткарылып жаткан иштерге токтолуп, көмүр казуучу компаниялардын жетекчилерине көмүрдүн дүң
бааларын белгилөө боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнө керектүү эсеп-материалдарын өз убагында тапшырууну эскертип, учурда мамлекет тарабынан жеке ишкерлерди колдоо максатында жагымдуу шарттар түзүлүп жаткандыгын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы №282 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомун өз убагында, так аткаруу керек экендигин билдирди.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Ы.Ж.Осмонов тарабынан, көмүр казуучу компаниялардын жетекчилерине жана жайындын катышуучуларына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы №282 “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо
жөнүндө” токтомунун 3-пунктун аткаруу тууралуу кеңири маалыматтар берилип, казылган көмүрдүн дүң бааларын белгилөө боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген “Мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди)
аныктоонун тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, эсеп-материалдарын макулдашууга алып келүү керектигин билдирип, көмүр казуучу чарбакер субъекттер тарабынан көмүрдүн дүң бааларын белгилөө боюнча эсепматериалдарын өз убагында берилбесе, мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн эскертти. Ошону менен бирге, жыйналыш суроо-жооптор менен уланып, көмүр казуучу компаниялардын жетекчилери тарабынан суроолор берилип, берилген суроолорго, тиешелүү жооптор берилди.
Жыйналыштын соңунда, Бөлүм тарабынан көмүр казуучу чарбакер субъекттерге казылган көмүрдүн дүң баасын белгилөө боюнча керектүү эсепматериалдарын толук алып келүү боюнча тапшырмалар берилди.

