Ош базарынын жумуртка жана эт сатуучуларына тез ыкчам (экспресс) сурамжылоо мониторинг жүргүзүлдү
09.07.2025Баткен шаарында социалдык жактан маанилүү товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү
11.07.20252025-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аянтчасында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти менен биргеликте түшүндүрүү боюнча Чүй облусунун дарыканаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү. Монополияга каршы мыйзамдардын ченемдерине жана мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу дары-дармек каражаттарына баалардын өсүшүнө жол берилбестиги түшүндүрүлдү. Атап айтканда, турмуштук маанилүү дары препараттарына бааларды жөнгө салуу боюнча маселелер жана алардын өлкөдөгү дарыкана пункттарынын болушу активдүү талкууланды.
Ошондой эле ДЛСиМИ өкүлдөрү тарабынан «Дары каражаттарга ашыкча төлөбөө – белгиленген бааны билип алыңыз!» Колдонмонун презентациясы сунушталды. ММК жеңилдетилген программасында (Милдеттүү медициналык камсыздандыруу) сиздин дарыңыз барбы? Qr код же 113 номери боюнча билип алыңыз.
Республиканын калкына дары-дармек каражаттарына экономикалык жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына бааларды жөнгө салуунун бекитилген эрежелерине ылайык жөнгө салуу жүргүзүлөт.

