Көмүрдүн бааларын макулдашуу боюнча
30.06.2025МАКУЛДАШЫЛГАНДАРДЫН ТИЗМЕСИ
01.07.2025Кызматтын Ысык-Көл облустук бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-декабрындагы №724 “Чийки сүттүн базалык баасын белгилөө жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтому менен бекитилген «Мамлекет жѳнгѳ салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, ошондой эле Ысык-Көл облусунун ведомстволор аралык комиссия карап чыгып сунуштаган эсептик материалдардын негизинде, Ысык-Көл облусунда жайкы мезгилде сүттү кайра иштетүүчү заводдор тарабынан сатып алынуучу 3,4% базалык майлуулуктагы чийки сүттүн базалык баалары төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленди:
- ЖЧК «Ак-Булак Плюс» Каракол – 33,00 сом/литр;
- ЖЧК «Май-Булак Каракол» – 34,00 сом/литр;
- ЖЧК «Ысык-Көл сүт» – 38,00 сом/литр;
- ААК «Ала-Тоо сүт» – 34,00 сом/литр;
- ААК «Сүт Булак» – 33,00 сом/литр;
- ААК «Ак-Жалга» – 36,00 сом/литр.
Көрсөтүлгөн баалар сүттүн майлуулугуна жараша кайра эсептелет — эгерде майлуулук базалык көрсөткүчтөн (3,4%) 0,5% жогору болсо, баа 0,5 сом/литрге көтөрүлөт; ал эми 0,5% төмөн болсо, баа 0,5 сом/литрге төмөндөтүлөт.

