“Алайку айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы Чычырганак” муниципалдык ишканасы тарабынан ичүүчү суу менен камсыздоо кызматынын баасынын(тарифинин) прейскуранты макулдашылды
05.06.2025“Кара-Белес” жоопкерчилиги чектелген коомунун 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине керектөөчүлөрдүн топтору боюнча сатылуучу көмүрдүн дүң сатуу бааларын макулдашуу жөнүндө
09.06.20252025-жылдын 5-июнунда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында жыл сайын 7-июнда белгиленүүчү финансы жана экономикалык кызматкерлердин күнүнө арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү.
Кызматтын төрагасы Женаты Орозбаев кесиптештерин финансы жана экономикалык тармагынын кызматкерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады.
«Бул күн туруктуу, атаандаштыкка жөндөмдүү жана ачык-айкын экономикага багытталган адистерди бириктирет. Ачык атаандаштыкты камсыздоого, монополияга каршы мыйзамдарды сактоого жана базардагы адилеттүү шарттарды түзүүгө кошкон салымыңыз чындап эле баа жеткис.
Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдүн, аналитикалык ой жүгүртүүңүздөрдүн жана жогорку жоопкерчилигиңиздердин аркасында кызмат өз милдеттерин ишенимдүү аткарып, экономиканын натыйжалуу өнүгүшүнө жана коомдун кызыкчылыктарын коргоого салым кошууда.
Бүгүнкү майрам — ар бириңиздерге эмгегиңиздер, демилгеңиздер жана ишке берилгендигиңиздер үчүн ыраазычылык билдирүүгө себеп. Тажрыйбаңыз, билимиңиз жана мыктылыкка умтулуубуз өлкөбүздүн жыргалчылыгына кызмат кылып, кесиптик чөйрөдө жаңы ийгиликтерге жол ачсын», – төрага белгиледи.
Ошондой эле Женалы Орозбаев баарын ыйык жана маанилүү майрамдардын бири — Курман айт майрамы менен куттуктады!
«Бул ыйык күн ырайымдуулукту, руханий тазаланууну, бири-бирибизге жардам берүүнү жана жакындарыбызга кам көрүүнү символдоштурат. Курман айт адамгерчилик, биримдик жана өз ара урмат-сыйдын маанисин эске салат, коомдо да, кесиптик ишмердикте да моралдык баалуулуктарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Бул берекелүү майрам ар бир үй-бүлөгө тынчтык, ынтымак жана токчулук алып келсин. Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, ички тынчтык, жаркын ой-тилектер, жан дүйнөнүн жылуулугу жана жаңы ийгиликтерди каалайм!», – Кызматтын төрагасы каалады.
Андан соң сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.
– “Чаткал районунун ардактуу атуулу” наамын алгандыгына байланыштуу, Жалал-Абад областынын Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 30-январындагы токтомунун көчүрмөсү, Кызматтын Жамааттык келишиминин 22-пунктунун 5-абзацынын негизинде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы – Орозбаев Ж.Б. сыйланды.
Мындан тышкары:
– Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин “Сиңирген эмгеги үчүн” ардак белгиси менен кызматтын төрагасы – Орозбаев Ж.Б. сыйланды.
– С.К. Оморов – Кызматтын төрагасынын орун басары, Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
– О.В. Горянова – талдоо, отчеттуулук жана ЕЭК менен өз ара аракеттешүү башкармалыгынын начальниги Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин “Сиңирген эмгеги үчүн” ардак белгиси менен сыйланды.
2025-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын финансы жана экономикалык кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, Кызматтын ведомстволук сыйлыктар боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 22-майындагы чечиминин негизинде, жемиштүү жана натыйжалуу жумушу үчүн Кызматтын Ардак грамотасы менен төмөндөгү кызматкерлер сыйланды:
– Н.К. Пирматов – талдоо, отчеттуулук жана ЕЭК менен өз ара аракеттешүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси.
– Б.А. Бекташов – укуктук камсыздоо жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын укуктук камсыздоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.
– А.К. Мунайтпасова – укуктук камсыздоо жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын укуктук камсыздоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн адиси.
– А.М. Алтынбекова – укуктук камсыздоо жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана ак ниет эмес атаандаштык бөлүмүнүн иш кагаздарын жүргүзүүчүсү.
– О. Камалова – жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын иш кагаздарын жүргүзүүчүсү.
– А.Дж. Базарбаева – Кызматтын басма сөз катчысы.
– Б.Д. Джолдошов – компьютердик техника боюнча адис.

