Улуттук стандарттагы эки өлчөм штрих-код белгилеринин (QR-код) болушун камсыздоо боюнча мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
23.05.2025Ысык-Көл районундагы Бозтери айылындагы тейлөө аймактарында POS-терминалдарды орнотуу зарылдыгы боюнча биргелешкен мониторинг жүргүзүлдү
26.05.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигне караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө (World Consumer Rights Day) арналган “Тегерек стол” өттү.
Дал ушул күнү 1983-жылдын 15-мартында БУУнун Башкы Ассамблеясы “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун колдонмолору” деп аталган документти кабыл алып, бул күн майрамдардын эл аралык календарына Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн күнү катары бекитилген.
Иш-чарага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, ошондой эле ишкердик субъекттеринин өкүлдөрү катышты, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменти, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык – эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, СБ «Азия Молл», ЖАК «Яр-Марка» соода үйү, «Азия Ритейл», «Шекер» маркети жана башкалар.
Кызматтын төрагасы Женалы Орозбаев куттуктоо сөзүндө ал керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо социалдык-экономикалык милдеттер чөйрөсүндөгү маанилүү багыттардын бири болуп санала тургандыгын жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын улуттук саясатынын жалпы стратегиясынын логикалык уландысы экендигин баса белгиледи. Коом жана мамлекет адамдын атынан, анын жыргалчылыгы үчүн болушу керек.
Кызмат керектөөчүлөрдүн мыйзамдуу укуктарын ишке ашыруу үчүн реалдуу шарттарды түзүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.
Кызматтын төрагасы чогулгандарды жана Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнү менен куттуктап, бардык керектөөчүлөргө чың ден соолук, жазгы маанай жана эң жогорку сапаттагы товарларды жана кызматтарды гана каалады!
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана ак ниет эмес атаандаштык бөлүмүнүн башчысы аталган кызмат Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата бир айлык жарыялаганын жан Кызматтын “Керектөөчү көңул борборунда: кызыкчылыктардын тең салмактуулугунан талаш – тартыштарды адилеттүү чечүүгө чейин” бир айлыгына иш – чаралардын планы иштелип чыкканын жана бекитилгенин билдирди.
Аталган тема Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан 2025- жылга Евразия экономикалык биримдигинде артыкчылыктуу багыт катары бекитилген.
Кызматтын планы:
– Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, медициналык жана билим берүү мекемелеринин, мектеп окуучуларынын жана студенттердин катышуусу менен республиканын бардык региондорун камтыган маалыматтык – окутуу иш – чараларын өткөрүү;
– Жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына консультациялык жардам көрсөтүү боюнча семинарларды өткөрүү;
– Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча туризм секторунун өкүлдөрүнө семинарларды (тегерек столдорду) өткөрүү, консультация берүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
– Окуу жайларында лекцияларды, семинарларды, интеллектуалдык викториналарды уюштуруу жана өткөрүү.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо башкармалыгынын башчысы баяндама жасады. Ал тегерек столдун катышуучуларына Улуттук банк тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана банк иши (кызмат көрсөтүүлөрү) чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Тегерек столдун катышуучулары бул жаатта келип чыккан орчундуу маселелерди жана көйгөйлөрдү, аларды чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

