Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча Талас шаарында жайгашкан жеке лабараторияга мониторинг жүргүзүлдү
24.04.2025“Ала-Арча” Кыргыз мамлекеттик жаратылыш паркы” мамлекеттик мекемеси тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды
25.04.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын (мындан ары – Кызмат) адистери этке болгон баанын өсүшүн кармап туруу максатында 2025 – жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарындагы соода түйүндөрүндө жана эт саткан дүкөндөрдө, ошондой эле Б. Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан “Бета Сторес 2” соода борборундагы “Глобус” гипермаркетинде уй жана кой этине болгон чекене бааларга мониторинг жүргүзүштү.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча, сатыкта сулп эти — башкача айтканда сөөксүз, тууралган жана стейк менен башка тамактарды даярдоого ылайыктуу эт сатылууда экени аныкталган. Аталган уйдун сулп этинин килограммы 720 сомдон 820 сомго чейин сатылууда. Мындан тышкары, ушул эле дүкөндө социалдык эттин килограммы 550 сомдон сатылып жатканын белгилеп кетүү керек.
Аталган иш-чаранын алкагында, Кызматтын адистери администрация жана сатуучулар менен этке болгон баанын негизсиз жогорулашына жол бербөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын сактоо маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Мындан тышкары, бааларды негизсиз жогорулатууга жол бербөө боюнча кол коюу менен расмий түрдө эскертүү берилди. Өз кезегинде эт саткан дүкөндүн ээси продукциянын баасын төмөндөтүүгө милдеттенди.
Ошондой эле, эт базарындагы бааларды турукташтыруу максатында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан төмөнкү иштер аткарылып жатканын белгилеп кетүү керек:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 токтому менен бекитилген тизмеге кирген социалдык мааниге ээ болгон товарлардын бааларына жума сайын мониторинг жүргүзүлүүдө;
– Эттин баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө максатында Кызмат тарабынан жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте, шаардагы мал базарларда түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлдү. Бул иш-чаралардын алкагында сатуучулар жана сатып алуучулар менен союлуучу малга болгон бааларды алып-сатарлык жол менен негизсиз жогорулатууга болбой тургандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган чаралардын негизги максаты — баалардын жасалма түрдө жогорулатууга жол берилбестиги жана эт рыногунда туруктуулукту камсыз кылуу болуп саналат;
– Бишкек жана Ош шаарларында уй этин сатуу боюнча социалдык түйүндөр төмөнкү баада ачылган:
– Бишкек шаары — килограммы 550–600 сом.
Социалдык түйүндөр “Ош базары” “Орто-Сай” жана “Аламүдүн” базарларында жайгаштырылган.
- Ош шаары — килограммы 630–660 сом.
Социалдык пункттар төмөнкү даректерде жайгаштырылган:
- Мамурова көчөсү;
- Айни көчөсү.
Жогоруда көрсөтүлгөн иш-чаралардын алкагында, Кызматтын жетекчилери Ош шаарына барып, эт азыктарын сатуучулар менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бааларды макулдашуу жөнүндө протоколго кол коюлду. Жетишилген макулдашууларга ылайык:
- Уй этинин килограммы 630 сомдон сатылууда;
- Кой этинин килограммы 630 сомдон сатылууда.
2025-жылдын 23 – апрелине карата эттин чекене баалары боюнча жума сайын жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары (сом менен).
| № | Товарлардын аталышы | Ченем бирдиги | КР боюнча | Бишкек ш. | Токмок ш. | Нарын ш. | Каракол ш. | Талас ш. | Ош ш. | Ж-Абад ш. | Баткен ш. |
| 1 | Уй эти (сулп этинен башкасы) | кг | 631,3 | 640,0 | 625,0 | 625,0 | 605,0 | 605,0 | 650,0 | 650,0 | 650,0 |
| 2 | Кой эти (сулп этинен башкасы) | кг | 626,3 | 610,0 | 615,0 | 625,0 | 595,0 | 615,0 | 650,0 | 650,0 | 650,0 |
Эскертүү: Таблицада орточо чекене баалар көрсөтүлгөн.

