“Кудайберди” унаа тетиктерин сатуучу базардын ичиндеги жайларда «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын сактоо максатында, мониторинг жүргүзүлдү
17.04.2025Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтардын тарифтеринин прейскуранты макулдашылды
18.04.2025Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 1-2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын өкүлдөрү жана Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн райондук башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча Ош облусунун Өзгөн районунун аймагындагы соода жана тейлөө ишканаларына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны, эки өлчөмдүү штрихкод символун (QR-код) пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуулары үчүн арналган жабдууларды орнотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

