Талас облусунда жалпы ишембилик башталды
17.03.2025Талас облусунун Манас району, Айтматов району жана Бакай-Ата райондорунда КРнын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча мониторинг жүргүзүлүп жазма жана оозеки эскертүүлөр берилди
17.03.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы
Ж.Б.Орозбаевдин буйругу менен, 2025-жылдын 1-мартынан 31-мартына
чейин Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата
айлык өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилген.
Аталган иш-чараларды аткаруу максатында, Кыргыз
Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү (мындан
ары – Бөлүм) тарабынан Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук
гепатиттерди жана адамдын иммундук жетисиздик вирусун көзөмөлдөө
борборунун кызматкерлерине “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн
укуктарын коргоо күнүнө” карата керектөөчүлөрдүн укуктары жөнүндө жана
сатуучулардын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн, өндүрүүчүлөрдүн жоопкерчилиги
деген темада семинар өткөрүлдү.
Семинарда Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
күнүнүн тарыхы жана качан кабыл алынган таржымалы боюнча кеңири
маалыматтар айтылды.
Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана
адамдын иммундук жетисиздик вирусун көзөмөлдөө борборунун
кызматкерлеринин арасында эң кызыктырган суроолор төмөнкүлөр болду:
- сатып алынган сапатсыз товарларды кайтарып берүүдөгү талаш-
тартыш маселелер; - базарларда жана кичи соода түйүндөрүндө сатып алынган товарлар
жана азык-түлүктөр үчүн кассалык чектин жоктугу; - керектөөчүлөр үчүн маалыматтын жетишсиздиги.
Ошондой эле, Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз
Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”
Мыйзамынын талаптарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү.

