Конкурстун жыйынтыктары
06.03.2025“Барчын” санаториясынын кызматкерлери үчүн керектөөчүлөрдүн укуктары боюнча лекция өттү
07.03.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук
бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кара-Суу райондук мамлекеттик
администрациясынын жана Кара-Суу райондук ветеринардык
башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, 2025-жылдын 5-
мартында Ош облусунун Кара-Суу районунун борбордук базарында
социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө 1 кг уй этинин баасы 630 сомдон, кой
этинин баасы 630 сомдон, картошка 50-60 сомдон, пияз 30-33 сомдон
сатылып жаткандыгы аныкталды.
Андан сырткары, сатуучуларга бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө
жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери
жүргүзүлдү.

