03.03.2025
Конкурстун жыйынтыктары
06.03.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук
бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ноокат райондук мамлекеттик
администрациясынын жана Ноокат райондук ветеринардык
башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, 2025-жылдын 4-
мартында Ош облусунун Ноокат районунун борбордук базарында эттин
баасына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө, 1 кг уй этинин баасы 600 сомдон, ал эми
1кг кой этинин баасы 650 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.
Андан сырткары, сатуучуларга бааны негизсиз көтөрүүгө жол бербөө
жана Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери
жүргүзүлдү.

