Кызматтын Чүй облустук бөлүмү Чүй облусунун Сокулук районунда социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү
26.02.2025Ош шаарындагы эт сатуучу жайларга, мониторинг жүргүзүштү
27.02.20252025-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын экономика
жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу
кызматынын Ош шаардык бөлүмүнө, Өзгөн шаарынын тургуну Т.к.А. арыз
менен кайрылган:
Арыздын мазмуунунда, 2025-жылдын 5-январь күнү Ош шаарынын
“Келечек” базарында жайгашкан “Ф” дүкөнүнөн аялдардын кастюмун 8 600
(сегиз миң алты жүз) сомго сатып алып, үйүнө барып кийгенде өлчөмү
(размери) туура келбей калгандыктан кайра эртеси күнү кастюмду дүкөнгө
алып барып акчасын кайтарып берүүнү сураганда, “Ф” дүкөнүнүн ээси
акчасын кастюм сатылганда аласың деп акчаны кайтаруудан баш тартып
жүргөн.
Жогорудагы маселе боюнча 2025-жылдын 20-февралында Т.к.А. арыз
даттануусунун негизинде Кыргыз Республикасынын экономика жана
коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу
кызматынын Ош шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери “Ф” дүкөндүн ээсине,
Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”
Мыйзамынын талаптарына ылайык ооз эки түшүндүрүү иштеринин
жыйынтыгы менен, керектөөчүнүн арызы толук канаатандырылып,
арыздануучунун 8600 сом акчасы толугу менен “Ф” дүкөнүнүн ээси
тарабынан кайтарылып берилип,эки тараптын маселеси чечилди.
Андан сырткары “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын мыйзамынын нормаларын сактоо боюнча
сатуучуга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

