Талас шаарында КРнын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын алкагында мониторинг жүргүзүлүп, жазма эскертүүлөр берилди.
23.01.2025Кызматтын Чүй облустук бөлүмү Чүй облусунун Токмок шаарында социалдык мааниге ээ болгон товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү
23.01.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери
2025-жылдын 15-январында Кемин районунда жана Токмок шаарында көмүргө болгон
белгиленген максималдуу чекене бааларга жана көмүрдүн коруна (запасы) мониторинг
жүргүзүштү.
Мониторинг учурунда көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларды
туура сактоо, таразаны камсыз кылуу жана көмүрдүн бааларын керектөөчүлөр үчүн
көрүнүктүү жерлерге жайгаштыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Көмүрдүн баалары белгиленген максималдуу чекене баалардан ашык саткан
учурлар катталган жок.
2025-жылдын 15-январына карата жогорудагы район шаарларда жергиликтүү
көмүр төмөнкү бааларда сатылып жатат:
Кемин району – “Кыргызкөмүр” МИ отун базасы – 5000,0 сом/тонна.
Токмок шаары – жергиликтүү көмүр – 5300 – 5600,0 сом/тонна;
Импорт көмүрү (Шабыркуль, Каражыра) – 6300,0 сом/тонна.
“Кыргызкөмүр” МИ отун базасы – 5100 сом/кг.
Чүй облустук бөлүмү тарабынан Чүй облусунун башка район жана шаарларында
көмүргө болгон белгиленген максималдуу чекене бааларга мониторинг жүргүзүү
улантылат.

