#МАМТИЛ35
25.12.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүчарбакер субъектердин прейскуранттарынын баасын макулдашты
10.01.2025Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү Чүй облусунун
аймагында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” мыйзамынын талаптарынын
сакталышы боюнча мониторинг жүргүздү.
Мониторингтин жүрүшүндө мыйзамдын 5-беренесинин 3-пункту жана 16-1-
беренесине туура келбеген “К” дүкөнүнө жана “L” ЖЧКуна тийиштүү жарнамалары
аныкталды:
5-берене 3-пункт – “Кыргыз Республикасынын аймагында жарнак мамлекеттик
жана расмий тилдерде жана жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча Кыргыз
Республикасында жашаган элдердин эне тилдеринде кошумча таратылат.
16-1- берене – сатылып жаткан товарлардын (сатык) баасынын төмөндөшү
жөнүндө жарнама сатылуучу жер жөнүндөгү маалыматты, сатуунун башталышынын
жана аякташынын даталарын, ошондой эле товарларды сатуунун мурдагы баасынан
канчалык өлчөмдө азайышынын пайыздык катнашы тууралу маалыматты камтышы
керек.
Мониторингтин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын укук бузуулар
Кодексинин 403-беренесинин негизинде “К” дүкөнүнө жана “L” ЖЧКуна баардыгы
болуп 34000 сом айып пул салынды.

