Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө”мыйзамынын нормаларын сактоо максатында мониторинг жүргүзүлдү
23.12.2024Эт сатуу түйүндөрүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
23.12.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери
2024-жылдын 18-декабрында Токмок шаарында социалдык мааниге ээ болгон
товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүштү.
Мониторинг жүргүзүүдө социалдык мааниге ээ болгон товарларды сатуучу
ишкерлерге негизги болгон социалдык товарлардын бааларын (эт, кумшекер, картошка
ж.б.) себепсиз көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштерин алып барышты.
Мониторингтин жыйынтыгында кээ бир социалдык мааниге ээ болгон товарлардын
бааларында сезондук факторлорго жана дүн бааларынын кымбатташы менен өзгөрүүлөр
болууда.
Социалдык мааниге ээ болгон товарлардын баалары төмөндөгүчө:
- Уй эти 580,0 – 620,0 сом/кг;
- Кой эти 520,0 – 600,0 сом/кг;
- Кумшекер 60,0 – 70,0 сом/кг;
- Картошка 25,0 – 45,0 сом/кг;
- Көмүр (жергиликтүү) 5100,0 – 5300,0 сом/тн;
- Көмүр (импорт) 6300,0 сом/тн.
Чүй облустук бөлүмү тарабынан социалдык мааниге ээ болгон азык-түлүк жана
азык-түлүк эмес товарлардын бааларын ар жума сайын мониторинг жүргүзүү менен
ишкерлер арасында бааны себепсиз кымбаттатбоо боюнча түшүндүрүү иштерин
жүргүзүүнү жана себептерин аныктоо боюнча талдоолорду жүргүзөт.

