Ош облустук бөлүмүнүн башчысы тарабынан көмүр сатуучу жайларга мониторинг жүргүзүлдү
21.11.2024Көмүр сатуу түйүндөрүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы тууралуу
22.11.2024Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине
караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча
бөлүмү 2024-жылдын 21-ноябрь күнү, Ош шаарынын аймагында “Жарнама
жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 3-пунктун бузгандыгы үчүн (Кыргыз
Республикасынын аймагында жарнама мамлекеттик жана расмий тилдерде
жана жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча Кыргыз Республикасында
жашаган элдердин эне тилдеринде кошумча таратылат. Жарнаманын
мамлекеттик тилдеги тексти мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдарга
ылайык таризделиши керек) “MUSLIM FOOD” кафесине Кыргыз
Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 403-беренесине ылайык
17000 (он жети миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.

