Ош облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан эттин баасына мониторинг жүргүзүлдү
31.10.2024Ош шаарында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө”Мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилижөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынынсакталышы боюнча мониторинг жүрүү ууланууда
31.10.2024Көмүрдүн баасынын көтөрүлүшүнө жол бербөө, анын калк үчүн баасынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, 2023-жылдын 8-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» #455 токтомуна ылайык, ошондой эле «Бишкек шаарында сатылган көмүрдүн бааларынын максималдуу деңгээлин 90 календардык күнгө белгилөө жөнүндө» буйругун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмү 2024-жылдын 30-октябрында «Кыргызкөмүр» МИ, Свердлов жана Биринчи май райондору боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын шаарды көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясынын жана Свердлов району боюнча ИИБинин өкүлдөрү менен биргеликте айланма жолдо көмүргө белгиленген максималдуу бааны сактоо маселелери боюнча иш-чараларды (мониторинг) өткөрдү.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө ишкердик субъекттеринин Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, баалардын так жазылышы жана мамлекеттик орган тарабынан текшерилген өлчөөчү жабдуулардын коюлушу, чекене баалардын каттоо китептеринин жүргүзүлүшү жана шаарды көрктөндүрүү, санитардык ченемдерди сактоо боюнча талаптар аткарылышы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» Кодексинин 290-беренесине ылайык, көмүрдүн белгиленген баасынан жогору баа койгондугу үчүн 2 административдик айып салынды.

